Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:34

Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар каттамы боюнча автожүрүш уюштурулат 


Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 5-октябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 5-октябрь, 2017-жыл

Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери 19-октябрда телефон аркылуу байланышканда белгилүү болду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий сайты жазып чыккандай, анда Ташкент-Анжиян-Ош-Эркештам-Кашкар багыты боюнча автожүрүшкө көрүлүп жаткан биргелешкен даярдык талкууланды.

Атамбаевдин 5-6-октябрда Өзбекстанга болгон сапарында тараптар автожүрүш өткөрүүнү макулдашкан. Иш-чара ушул айдын этегине белгиленген.

Мамлекет башчылар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана буга чейин түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууну ортого салышты. Тактала элек чек ара тилкелери боюнча макулдашууга тез арада кол коюлушуна кызыкдардыгын билдиришти. Сүйлөшүү Кыргызстандын демилгеси менен болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG