Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

УКМК террордук топтун дагы бир мүчөсү кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террордук топтун дагы бир мүчөсү кармалганын кабарларды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, атайын операциянын негизинде колго түшкөн 31 жаштагы шектүү Жалал-Абад облусунун тургуну.

Ал 2015-жылдан бери террордук топко мүчө экени, Сириядагы согушка катышып келгени аныкталган. Билдирүүдө ал адам Кыргызстанда теракт уюштурууну, экстремисттик идеяларды жайылтууну көздөгөнү айтылат. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин да атайын кызмат ушундай эле негизде бир канча жаранды колго түшүргөн.

Расмий маалымат боюнча, Сирия жана Ирактагы диний радикал топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат, 140га жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин алардын 92си согуш талаасында мерт болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG