Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан чет элдик жаран каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түптө жол кырсыгынан чет элдик жаран көз жумду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, 21-октябрда саат 16:00 чамасында Түп - Кеген унаа жолунун 68-чакырымында израилдик жаран Дани Нахум (Dani Nahum) «Хонда СРВ» автомашинасынын башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен.

Натыйжада 60 жаштагы Дани Нахум оор жаракат алып, көп узабай каза болгон. Анын жүргүнчүсү - 54 жаштагы аял киши Түп райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат.

Айрым маалымат боюнча, Дани Нахум ишкер өнөктөшү менен Казакстанга мейманкананын курулушуна байланыштуу долбоор боюнча бара жаткан. Учурда бул маалыматты тактоо иштери улантылып жатат.

Дани Нахум Кыргызстанга мындан 18 жыл мурун келген. Алгач коммуникациялык компанияда эмгектенип, кийинчерээк туристтик бизнес менен алектене баштаган.

Ал сентябрь айынын аягында Сары-Челектин аймагында аскадан кулап каза болгон израилдик 22 жаштагы Хилла Ливнени (Hillah Livne) издөө иштерине да катышкан.

Маркумдун жубайы жана кызы Бишкек шаарында жашайт. (AsM)

XS
SM
MD
LG