Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Милиция өспүрүмдөр арасында "Антирэкет" рейдин өткөрдү


Бишкекте милиция мектеп рэкетчилигин жана көчөдө кароосуз жүргөн балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзгөн рейддин алгачкы үч саатында эле алтымышка жакын бала аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 18-20-октябрда республиканын аймагында «Антирэкет, зомбулукка каршы туруу» рейди өткөрүлдү.

Мектепте чогуу окуган балдарга карата зомбулук көрсөткөндөрдү, түнкүсүн көчөдө жалгыз жүргөн балдарды аныктоо максатында өткөрүлгөн бул рейддин алкагында кармалган балдардын айрымдары Өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу борборуна жеткирилип, калгандары ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди.

Укук коргоочулар мектеп курагындагы балдар арасында зомбулук сыяктуу көрүнүш токтобой жатканын, соңку кездери мындай мыйзам бузууларга кыздар да барып жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG