Кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын бойдон калууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттык” радиосуна кабарлашкандай, “Ак-Жол” жана “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбар” жана “Чоң-Капкада” кезек күткөндөр жок.
Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында:
- “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун адам кезекте турат. Бул саат 10:00дөн кийинки кадимки көрүнүш болууда. 15-20 мүнөттө 30дай адамды өткөрүп жатышат. Ал эми машиналар жарым саатта 7-8ден өтүүдө. Жеңил унаа, маршруттук такси жана автобустардын саны 40ка жакын. “Ак-Тилекте” жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны дагы эле бар. Учурда 400дөн ашуун машина турат. Казак тарап саатына 8дей фура киргизүүдө. Ал эми “Чоң-Капка” жана “Чалдыбарда” тыгын жок.
8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.
10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.
Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып, казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев менен жолугушкан. (RK)