Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

"Ислам мамлекети" террордук тобу Сирияда 116 адамды өлтүрдү


Сирия Демократиялык күчтөрү Раккада. 17-октябрь, 2017-жыл.
Сирия Демократиялык күчтөрү Раккада. 17-октябрь, 2017-жыл.

Сириялык активисттердин маалыматына караганда, кандуу окуя Сириянын борбордук бөлүгүндө, экстремисттер көзөмөлдөп турган Кариатаин шаарчасында болгон.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун башчысы Рами Абдел Рахмандын айтымында, денелери көчөлөрдөн табылган 116 адамды ИМ тобу бийликтин күчтөрү менен кызматташты деп айыптап, атып же бычак сайып өлтүргөн. 80ден ашуун кишини жихадчылар шаарчаны колдон чыгарарына эки күн калганда өлтүрдү деп болжолдонууда.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Хомс провинциясындагы Кариатаин шаарчасын 20-октябрда ээлешкен эле. Ага чейин шаарча үч аптага жакын "Ислам мамлекети" террордук тобунун көзөмөлүндө турган.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу азыр турумдарын Иракта жана Сирияда жоготууда.

Өткөн аптада АКШ колдогон Сирия Демократиялык күчтөрү жихадчыларды аларды бул өлкөдөгү де-факто борбору Ракка шаарынан сүрүп чыгарды. (UE)

XS
SM
MD
LG