Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

АКШнын мамкатчысы күтүүсүз сапар менен Ооганстанда болду


Тиллерсон менен Ганинин Баграм аба базасындагы сүйлөшүүлөрү. 23-октябрь, 2017-жыл.
Тиллерсон менен Ганинин Баграм аба базасындагы сүйлөшүүлөрү. 23-октябрь, 2017-жыл.

Рекс Тиллерсон Кабулдагы күтүүсүз сапары учурунда ооган президенти Ашраф Гани менен Вашингтондун Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын талкуулады.

АКШ элчилигинин билдирүүсүндө Тиллерсон Баграм аба базасындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “АКШ Ооганстанда тынчтыкка жетишүү жана бул максатка тоскоолдук кылган террорчуларга башпаанек берилбеши үчүн Ооганстан жана аймактагы башка өнөктөштөр менен иштешүүгө дилгир экенин”, - белгилеген.

Ал эми ооган президенти Ашраф Гани АКШнын жаңы стратегиясына колдоо көргөзүп, анын өкмөтү реформаларга куштар экенин айткан.

Президент Дональд Трамптын администрациясы Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын быйыл август айында жарыялап, ал жакта буга чейин турган 11 миң жоокерине кошумча дагы 3 миң аскер жөнөткөн эле.

Президент Трамп стратегиясын жарыялоо учурунда Пакистан өз аймагында согушкерлер менен экстремисттерге башпаанек берип жатканы үчүн ага кысым көрсөтүлөрүн билдирген. Бирок ал кандай чаралар болушу мүмкүн экенин айткан эмес.

Маалымат каражаттарында Пакистан АКШ үчүн НАТОго кирбеген башкы өнөктөш деген макамдан ажыратылышы мүмкүн деген кабарлар тараган.

Пакистан бийликтери АКШнын Исламабад согушкерлер менен экстремисттерге башпаанек берип жатат деген айыптоолорун кескин түрдө четке каккан.

АКШ мамлекеттик катчысы азыр Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия боюнча алты күндүк сапарда жүрөт. Буга чейин ал Сауд Аравия жана Катарда болду. Эми Пакистан менен Индияга барат. (UE)

XS
SM
MD
LG