Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:52

Чеченстанда Орусиянын Улуттук гвардиясынын лейтенанты төрт кызматташын атып салды.

"Интерфакс" агенттиги кабарлагандай, 23-октябрда казармада жоокерлерге ок ачкан лейтанант атып өлтүрүлгөн. Анын ысымы жана бул кадамынын себеби айтыла элек. Иликтөө жүрүп жатат.

Орусиянын армиясында мындай окуялар буга чейин да катталган. Былтыр октябрда Москвада Улуттук гвардиянын жоокери кызматташын өлтүрүп, он жылга эркинен ажыратылган. Тергөө анын маркумду атайлап өлтүргөнүн билдирсе, айыпталуучу “кырсык” деп атаган.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, жыл сайын орус армиясында үч миңге чукул аскер каза табат.

XS
SM
MD
LG