Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Алишер Саиповдун үй-музейи ачылат


Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан Саипова баласын эскерип жазган дептер.
Алишер Саиповдун апасы Зайнабхан Саипова баласын эскерип жазган дептер.

Бүгүн Ош шаарында он жыл мурда атып өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун үй-музейи ачылат.

Бул тууралуу маркумдун жакындары "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, Саиповдун буюмдары, кийим-кечеси жана сүрөттөрү өзү өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгаштырылып, музейге айланды.

26 жаштагы журналистти 2007-жылдын 24-октябрында белгисиз кишилер Оштун Масалиев көчөсүндө атып кеткен. Ал ошол жерде каза тапкан. Кылмыштын бети азыркыга чейин ачыла элек.

Алишер Саипов Voice of Ameriсa, RFERL-Ozodlik, BBC, Mashhad радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган.

25 жашында "Сиёсат" ("Саясат") гезитин негиздеп, ал жума сайын чыгып турган. Гезит Кыргызстанга жана Өзбекстанга тараган.

Анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени айтылып келет. Буюртма өлтүрүүнүн изи коңшу Өзбекстанга барып такаларын кыргыз тартип коргоо органдары четке каккан эмес.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Алишер Саиповдун ишин Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын Аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат.

Маркумдун артында калган кызы быйыл он жашка толду. (SE)

XS
SM
MD
LG