Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Кара-Кече көмүр кениндеги абал талкууланат


Жумгалдагы Кара-Кече кени.
Жумгалдагы Кара-Кече кени.

Парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бүгүн Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көчмө жыйын өткөрөт. Анда аталган көмүр кенин коргоо боюнча коомдук комитеттин кайрылуусуна байланышкан чечимдин аткарылышы талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин эл өкүлдөрү Кара-Кеченин ишин, аны коргоо боюнча коомдук комитеттин кайрылуусун талкуулап, тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берген.

Кара-Кече өлкөдөгү ири көмүр кендеринин бири. Мындан мурда көмүр казууга кылмыштуу топтор аралашып, чыр-чатактар чыккан. 2014-жылы көмүр казуу ишин көзөмөлдөө үчүн атайын пункт ачылган.

Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча өкмөт былтыр сынак жарыялап, Балыкчыдан Кара-Кечеге чейин темир жол салуу, кендин жанына жылуулук электр станциясын куруу жана аны толук иштетүү ниетин билдирген. Бирок ал сынакка катышууну каалаган инвестор чыккан эмес. Натыйжада долбоорду ишке ашырууга кеңеш берчү консалтинг компанияга быйыл жыл башында сынак жарыяланган.

Консалтинг компаниялар өз кызматы үчүн чоң суммадагы акча сурагандыктан өкмөт андан баш тартканы айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG