Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Приштинада мэр шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү мүмкүн


Косоводогу муниципалдык шайлоолордун алгачкы жыйынтыгына караганда өлкөнүн бир канча ири шаарларында мэр шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясы добушканалардын 90 пайызынын отчету тапшырылганын билдирди.

Баш калаа Приштинада азыркы мэр Шпенд Ахмети 43,2% добуш алганы кабарланууда. Эгер бул маалымат бышыкталса, келерки айда Ахмети Аран Абраши менен мөөрөй талашат. Абрашини шайлоочулардын 36% жакыны колдоду.

Борбор калаадан тышкары дагы 18 муниципалитетте шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү мүмкүн.

Жекшембиде шайлоочулардын 43,79% добуш бергени кабарланган. Эл аралык байкоочулар олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG