Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Кыргыз-казак өкмөт башчылары Ереванда сүйлөшөт


Кыргызстан жана Казакстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Армениянын баш калаасы Ереванда кезигип, сүйлөшөт. Жолугушуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирип, кыргыз делегациясы Арменияга 24-октябрда түштөн кийин учуп кетерин айтты.

Исаков менен Сагинтаевдин Еревандан жолугары тууралуу мурдараак Казакстандын "Хабар" агенттиги кабарлап, сүйлөшүүнүн негизин эки өлкө ортосундагы Жол картасы маселеси түзөрүн жазган.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоого аралашып жатат деп казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. Андан бери абал бир жаңсыл чечилбей келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG