Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Музейдеги экспонаттардын жоголгонуна он жылдан ашкан


Тарых музейи
Тарых музейи

Бишкектеги Тарых музейинен жоголгон экспонаттар он жылдан ашуун убакыттан бери табылбай келет. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна музейдин директору Анаркүл Исиралиева билдирди.

- Мен директор болуп келгенден соң инвентаризация баштагам. Ошондо экспонаттар жетишсиз экени аныкталган. Алар 2004, 2005, 2007-жылдары жоголгон. Башкы прокуратурага, Эсеп палатасына маалымдагам. Коллегиянын чечими да бар.

Исиралиева экспонтаттардын чуусунан улам айрым кызматкерлер иштен алынганын кошумчалады.

Жакында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде коррупциялык иштер аныкталганы расмий кабарланып, текшерүү башталган. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Эсеп палатасына таянып билдиргендей, аталган музейден 503 экспонат жоголгон, анын 29у баалуу металл. (ZA\SE)

XS
SM
MD
LG