Кыргызстанга келген памирлик кыргыз келиндин уулунун атын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деп коюшту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна 38 жаштагы Жанбүбү Маматзайым кызы өзү билдирди.
Ал Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда 21-октябрда аман-эсен көз жарып, уул төрөгөн. Толгоосу оор болгондуктан аны 20-октябрда санавиация менен Нарындан Бишкекке алып келишкен.
Жанбүбү буга чейин он жолу төрөп, жети наристеси чарчап калган.
Салмагы 2,4 кг ымыркай айына жетпей төрөлгөндүктөн алгач жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыр эненин да, баланын да саламаттыгы жакшы.
Кичи жана Улуу Памирден 33 кыргыз 11-октябрда Кыргызстанга келип, Нарын облусуна жайгаштырылган.
21-октябрда эне жана баланын абалынан вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кабар алып келген.