Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Бишкектин чок ортосунда жарык үзгүлтүккө учурады


Токтогул көчөсү
Токтогул көчөсү

Кокустуктан улам Бишкектин чок ортосунда жайгашкан көчөлөрдө электр энергиясы өчүп калды. "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 24-октябрда саат 9:25те жол оңдоочулар кабелди үзүп алышкан.

Натыйжада Жусуп Абдрахманов, Токтогул, Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүндө жана Эркиндик проспектинде жарык өчкөн. Бир сааттай убакыттан соң аталган көчөлөргө кошумча булактар аркылуу электр энергиясы жеткирилген.

Толук оңдоо иштери качан аягына чыгары азырынча белгисиз. (SE)



XS
SM
MD
LG