Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Журналист Фельгенгауэр палатага которулду


Татьяна Фельгенгауэр
Татьяна Фельгенгауэр

Орусиялык "Эхо Москвы" радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэр шейшембиде операциядан кийин палатага которулду. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп жатышканын радионун башкы редактору Алексей Венедиктов кабарлады.

23-октябрда радионун Москвадагы кеңсесине кирип келген адам Фельгенгауэрге бычак урган.

Кылмышка шектелип 48 жаштагы Бориц Гриц кармалып, камакка алынды. Учурда кылмышка түрткү берген себептер такталууда.

Орусияда журналисттер коркутууга жана кол салууга кабылган учурлар көп. "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Орусия медиа эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 148-орунда турат.

XS
SM
MD
LG