Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Собчак саясий туткундарды бошотууну талап кылды


Ксения Собчак
Ксения Собчак

Орусия президенттигине ат салышарын жарыялаган теле алып баруучу Ксения Собчак шейшембидеги маалымат жыйынында абактагы саясий туткундарды бошотууну бийликтен талап кылды.

Ал режиссер Кирилл Серебренниковду, Алексей Навальныйдын иниси Олегди жана журналист Александр Соколовду мисалга тартты. Саясий негизде камалгандарга аларга тагылган айыптардан бир канча эсе оор басым жасалып жатканын белгиледи Собчак.

Ошондой эле ал оппозициячы Алексей Навальный шайлоого катыштырыла турган болсо өз талапкерлигин алып коёрун кошумчалады.

Ксения Собчак 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин өткөн аптада билдирген. Бир катар маалымат каражаттары ал Кремлдин сунушу менен катышып жатканын жазышкан. Собчак өзү жана орус бийлиги да бул маалыматты четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG