Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Мүлк фонду: Өзбекстандан алынган пансионаттар ижарага берилген жок


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө мурда Өзбекстан пайдаланып келген пансионаттар мамлекеттин балансында турат. Ишмердиги уланып жатат, бирок эч кимге ижарага берилген жок. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди:

- Пансионаттар мыйзам чегинде мамлекеттин балансында турат жана иштеп жатат. Азыр "Кыргызтуризм" деген холдинг түзүү боюнча өкмөттүн чечими каралууда. Холдинг түзүлсө мамлекеттин карамагындагы бардык пансионаттар анын балансына өтөт деген концепция иштелип жатат.

Буга чейин интернетте Өзбекстандан алынган пансионаттар кайра ижарага бериле баштаганы тууралуу маалымат чыккан.

2016-жылдын 4-апрелинде кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алган.

Эс алуу жайлардын аттары кыргызчаланып, “Рохат” – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” - “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты ошол бойдон калган. (SE)

XS
SM
MD
LG