Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Башкаруучу коалиция төрагалыкка талапкер тандайт


Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция төрагалыкка талапкерди тандоо маселесин бүгүн түштөн кийин жыйынга чогулуп талкуулайт. Бул тууралуу "Азаттыктын" парламенттеги кабарчысы билдирди.

Спикерлик кызматка "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун ысымдары аталууда.

Айрым маалыматтарга караганда, Өмүркулов талапкер болуудан баш тартты, бирок өзү бул маалыматты тастыктай элек.

Парламентти 1,5 жыл башкарган Чыныбай Турсунбеков отставкага кеткенин бүгүн жарыялады. Бул чечимин ал "2011-жылы Алмазбек Шаршеновичтин тынчтык жол менен президент болушунан башталган. Быйыл ошол жол бекемделип, президент кийинки эл шайлаган өкүлгө кызматын өткөрүп берип жатат. Бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү башка бийлик бутактарында да болушу керек" деп негиздеди.

Башкаруучу коалицияга парламенттеги алты фракциянын үчөө: КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG