Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Твиттер саясий реклама жайгаштыргандардын ысымдарын ачыкка чыгарат


Твиттер социалдык түйүнү келечекте саясий реклама тууралуу кеңири маалымат берип турарын билдирди. Буга чейин Твиттер АКШдагы президенттик шайлоо алдында орусиялык колдонуучулардын саясий реаламасын жайгаштыргандыгы үчүн сынга кабылган эле.

Бир ай мурун болсо Фейсбук да кеңири тараган саясий рекламанын артында тургандар жөнүндө маалыматты ачык кыларын билдирген. Эки компания тең популярдуу платформага айланганын белгилеп, Орусияда жайгашкан баракча ээлери тарабынан АКШдагы шайлоочуларга таасир этүү үчүн кыянат пайдаланышканын айтып келишет.

Өткөн айда Твиттер Орусияга байланышы бар бир нече аккаунтту убактылуу жаап койгон. Компаниялар аркылуу Германия, Франция жана башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго таасир этүүнүн ыктымалдыгы иликтенүүдө.

Твиттер жаңы эрежелер Кошмо Штаттарда андан киийн бүт дүйнөдө киргизилерин маалымдады.

XS
SM
MD
LG