Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын Еревандагы сүйлөшүүсүндө чек арадагы абалды жөнгөрүүнүн "жол картасы" талкууланды. Өкмөттүн басма сөз кызматы 25-октябрда билдиргендей, 48 пункттан турган долбоорду иштеп чыгуу маселеси каралды. Өкмөт башчылар тийиштүү мекемелерге аны ыкчам түрдө аягына чыгарууну тапшырышты.
Бул боюнча мурдараак Астанада биринчи вице-премьерлердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр өткөн эле.
Исаков менен Сагинтаевдин сүйлөшүүсүнөн соң жолугушуу эки тараптан барган расмий делегациялардын катышуусунда кеңири курамда уланды.
Сүйлөшүүлөр Армения баш калаасында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында өтүүдө.
8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоого аралашып жатат деп казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. Андан бери абал бир жаңсыл чечилбей келүүдө. (SE)