Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:27

Түркияда укук коргоочу активисттердин соту башталды


Стамбулда терроризмге айыпталып жаткан 11 укук коргоочу активисттин соту башталды. Соттолуп жаткандардын арасында Эл аралык Мунапыс уюмунун (AI) Түркиядагы бөлүмүнүн жогорку эки кызматкери, ошондой эле Германия жана Швеция жарандары бар. Аларга “башаламандык түзүүгө” аракеттенүү жана “куралдуу террордук уюмга” мүчөлүк кылуу деген айыптар тагылууда. Берлин бул ишти “түшүнүксүз”, "абсурд" деп атады.

Лондондо жайгашкан Эл аралык Мунапыс уюму активисттер "адам укуктарына ишенгендиги үчүн кармалганын, башка себеп жоктугун" билдирип, аларды бошотууга үндөдү.

Соттолуп жаткандар арасындагы 10 киши өткөн июль айында, уюм тренинг өткөрүп жаткан кезде кармалгандан бери камакта отурушат.

Түркия президент Режеп Тайип Эрдогандын тушунда авторитаризмге ыктап баратат деген кооптонуулар көп айтылууда.

Былтыр жайында мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан бери өлкөдө чукул кырдаал киргизилген.

XS
SM
MD
LG