Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Күрт автономиясынын бийлиги референдумдун жыйынтыгын токтотот


Референдумга добуш берген жубайлар. Күрт автономиясы, Ирак.
Референдумга добуш берген жубайлар. Күрт автономиясы, Ирак.

Ирактын Күрт автономиясынын өкмөтү 24-октябрда кечинде өткөн айдагы референдумдун жыйынтыктарын токтото турууну сунуш кылды.

"Ирак армиясы менен күрт кошуундарынын кармаштары бир да тарапка жеңиш алып келген жок, өлкө башаламандыкка батып баратат” деп билдирди Күрт өкмөтү.

Автономия бийлиги күрт аймактарында ок атышууну токтотууну, өлкө Конституциясына таянып Багдад өкмөтү менен диалог баштоону сунуш кылды. Азырынча Ирактын борбордук бийлиги өз жообун айта элек.

25-сентябрда өткөрүлгөн референдумга катышкандардын 92 проценти көз карандысыздыкты колдогон. Ирак өкмөтү добуш берүүнү мыйзамсыз деп атап келет.

Референдумга каршы ойлорун Иран, Түркия жана Батыш өлкөлөрүнүн көбү да билдирген.

Ирактын борбордук өкмөтү күрт лидерлери менен сүйлөшүү баштоого чейин өнөктүктүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган.

Ирактын армиясы өткөн аптада мунайга бай Киркук провинциясын өз көзөмөлүнө алган. Ал жерлерди күрттөрдүн пешмерга кошуундары “Ислам мамлекети” экстремист уюмунан кайтарып алган.

Салгылашууларда 40 чакты аскер окко учуп, миңдеген адамдар жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG