Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч өмүр кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Балыкчы - Каракол унаа жолунун 55-чакырымында «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, үч адам көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында Чок-Тал айылынан Бишкек шаарын көздөй багыт алган унааны Бишкектин 32 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан.

Адамдардын өмүрүн алган окуя кечээ 24-октябрда саат 20:30 чамасында болгон.

Жолдун жээгинде туруп өлүмгө учурагандар 36 жана 37 жаштагы эже-сиңди жана алардын биринин 1 жаш 9 айлык кызы экени аныкталды.

Учурда шектүү айдоочу Ысык-Көл ички иштер бөлүмүндө камакта. Ал унаанын ылдамдыгын ашырбаганын айткан. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды.

Айдоочу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөндө ал спирт ичимдигин ичпегени белгилүү болду. (AsM)

XS
SM
MD
LG