Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:06

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 25-октябрда мамлекеттик сапар менен Түркияга барды. Анкарадагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана инвестиция тармагындагы алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болмокчу.

Бир күн мурда Мирзиёев түрк жарандарына виза режимин жеңилдетүү тууралуу токтомго кол койгон. Эки күндүк сапардын алкагында өзбек делегациясы Стамбул шаарына да барары күтүлүп жатат. Өткөн жылдын ноябрында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Самаркандга келип кеткен. Бул сапар 20 жылдан бери салкындап турган түрк-өзбек мамилесиндеги муздун эриши катары бааланган.

Эки өлкөнүн мамилеси 1999-жылы Ташкент Өзбекстандагы жардырууларга шектүүлөр Түркияда жашырынып жүрөт деп айыптагандан кийин начарлай баштаган. Анкаранын 2005-жылдагы Анжиян окуяларын сындашы да ымаланын андан ары солгундашына шарт түзгөн.

XS
SM
MD
LG