Чех жумуриятында өткөн жылы орусиялык жана кытайлык жашыруун кызматтардын активдүүлүгү өскөнү байкалган. Бул тууралуу Чехиянын коопсуздук кызматынын жылдык докладында айтылат.
Доклад авторлору орус агенттеринин мыкты түйүнү түзүлгөнүн, алар дипломатиялык миссияларга жамынып иштеп келишкенин жазышат.
"2016-жылы чехиялык жарандар аннексияланган Крымга же Орусия аркылуу Донбасска жөнөгөн учурда орус чалгынчылары аларды көзөмөлгө алып турушканы бир нече жолу катталган" делинет докладда.
Ал эми кытайлык атайын кызматтын агенттери чалгындоо маалыматтарын биринчи кезекте Тибет өңдүү өзүнүн ички жана тышкы маселелерин чечүү үчүн пайдаланганы айтылат. Ошондой эле Чехия менен Тайвандын мамилелерине көлөкө түшүрүү максаты коюлган деп эсептейт Чехиянын коопсуздук кызматы.