Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:12

Нарында ӨКМ үчүн курулуп жаткан үй кооптуу деп табылды


ӨКМ кызматкерлерине салынып жаткан үй, Нарын.
ӨКМ кызматкерлерине салынып жаткан үй, Нарын.

Нарын шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине курулуп жаткан 24 батирлүү үй техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеменин Нарын облусу боюнча инспекторлору курулушту текшерип, ушундай тыянак чыгарышкан. Тагыраагы, имаратта энергетикалык, өрт көзөмөлү жана жумушчулардын эмгек коопсуздугу сакталган эмес.

Эмгек кодексинин 211-беренесиндеги талаптар сакталбагандыгы үчүн курулуштун прорабы Азамат Самидиновго 7500 сом административдик айып салынды жана мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

Кемчиликтерди тез арада жоюуга бир ай мөөнөт берилди. Коюлган талаптар өз учурунда аткарылбаса курулуш токтотулуп, иш сотко өтөт.

Аталган көп кабат үйдүн курулушу быйыл жазында башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG