Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Германия оогандык 14 мигрантты мекенине кайтарды


Германия башпаанек арыздары четке кагылган оогандык 14 мигрантты өлкөдөн чыгарды. 24-октябрда Лейпцигде алардын экстрадициясына каршы 150дөй киши чогулуп, Ооганстандагы кырдаал дагы эле кооптуу деп нааразылыгын айтып жатышты.

"Мекенине кайтарылган 11 мигрант ар кандай кылмыш кылганы катталган", - деди немис Ички иштер министрлигинин өкүлү Аннегрет Коррф 23-октябрда.

Дагы үчөө тек жайын тактоодо кызматташпай койгон.

Саксониянын ички иштер министри Маркус Улбиг Берлин качкын макамын ала албагандар Германияда кала албайт деп так айтарын билдирди.

Германия согуш тынчыбай жаткан сириялык качкындардын көбүнө башпаанек берген. Бирок Ооганстанга репатриация кылса болорун айтып келатат.

Жашылдар партиясынан депутат Клаудиа Рот өткөн аптада эле ооган жергесинде талиптердин кол салууларынан 250дөй киши өлгөнүн айтып, депортацияны токтотууга үндөдү.

2015-жылдан бери Германияга бир миллиондон көп мигрант келген.

XS
SM
MD
LG