Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Активисттер Бишкектеги казак элчилигинин алдына акцияга чыгышат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Бүгүн Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтөт. Анда казак бийлигине чек арадагы көйгөйдү чечүү боюнча кайрылуу жолдонорун акцияны уюштуруп жаткан “Кыргыз чоролору ” коомдук бирикмесинин мүчөсү Калыс Жолалиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, акциянын катышуучулары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге элдин үнүн угуп, маселени чечүү өтүнүчү жазылган кат жиберишет. Жолалиев кыргыз-казак мамилесинин солгундашына эки өлкө президенттеринин пикир келишпестиги себеп экенин айтып, элди ойлоого чакырык ташталарын кошумчалады:

- Президент Алмазбек Атамбаев эч нерсе айта электе чек арадан эл жакшы өтүп жаткан. Ал сөз сүйлөгөндөн кийин маселе жаралбадыбы. Элди кыйнай бербегиле деген талап менен чыкканы атабыз. Чек арада тогуз чакырымга созулган аралыкта машинелер кезек күтүп турушат. Товардын баары күйүп жатат. Казакстандын өзүндө да кымбатчылык болуп кетиптир. Ал жактагылар да чалып жатышат. Эки дөө урушса ортодо чымын өлөт болбой, ушуну терең ойлонуп, батыраак чечип койсоңуздар деп казак президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылабыз.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген. Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айткан. Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөндөн кийин 18-октябрда эки өлкөнүн премьер-министрлери Астанада жолуккан. Анын натыйжасында жол карта түзүүнү макулдашып, казак бийлиги 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен болчу.

Бирок учурда кыргыз-казак чек арасында элдин жана автоунаалардын Казакстанга өтүүсү дале кыйынчылык жаратууда. Өткөрмө бекеттерде 600дөй жүк ташуучу автоунаа турат. Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуучу машинелердин тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG