Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Нарында милиционердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Нарында кесиптешин атып алган милиционер убактылуу кармоочу жайга камалды. Факт боюнча Кылмыш кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.

Окуя 25-октябрда Нарын шаардык милиция бөлүмүндө болгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милициянын ага сержанты жумуштан кийин "Макаров" үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, капыстан кесиптеши Адилет Жолдошбек уулу тарапка атып алган. Натыйжада ок милициянын старшинасынын көкүрөк тушуна тийип, ал ошол жерден каза тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG