Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Атамбаев Жумабековго Куран жана "Манас" китептерин белек кылды

Алмазбек Атамбаев менен Дастан Жумабеков.
Алмазбек Атамбаев менен Дастан Жумабеков.

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алып, спикер болуп шайланышы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-октябрь күнкү жолугушууда Атамбаев Жумабековго саясаттагы туруктуулукту бекемдөө, парламенттин ишмердигинде көпчүлүк коалиция менен оппозициянын кызматташуусун өнүктүрүү жаатында ишеним артарын айтты.  

Андан тышкары, Атамбаев өлкөнүн 2040-жылга чейин өнүгүү стратегиясында, адам укуктары, экономика, социалдык багытты жакшыртууда парламенттин ролу эбегейсиз болорун кошумчалады. 

Президент спикерди кызмат орду менен куттуктап, Куран жана "Манас" китептерин белекке берди. 

Парламенттин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда отставкага кетип, ордуна депуттардын көпчүлүк добушу менен Дастан Жумабеков шайланган. (SE)

XS
SM
MD
LG