Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

Балдарга каршы кылмыштарга жазаны катуулаткан мыйзам экинчи окуудан өттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеӊеште балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга карата жазаны катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутат Аида Салянованын айтымында, балдарга карата күч колдонуу фактысы жылдан-жылга көбөйүп жатат. Сунушталып жаткан мыйзамга өзгөртүүлөр аркылуу кылмыш жазасы катаалдаштырылып, беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

- Балдарга карата күч колдонгон адамдардын аракеттерин талдоо күч колдонгон аракеттер көпчүлүк учурда бала менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары тарабынан жасалгандыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинде балдарга күч колдонгондугу үчүн санкцияларды катуулатуунун зарылдыгы жаралууда, атап айтканда жашы жетпегендерге жана балдарга карата зордуктоолорго санкцияны катуулатуу керек.

Депутаттардын талкуусунан соң, айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (SDz)

XS
SM
MD
LG