Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Трамп Түндүк Корея түйүнү боюнча Орусияны айыптады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп алардын Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерине Орусия тоскоол болуп жатканын билдирди. Ошол эле учурда Кытай көмөктөшүп жатканын белгилейт.

"Кытай бизге жардам берүүдө. Сыягы Орусия башка багытты тандап алгандай. Бул биздин жетишкендиктерге залалын тийгизүүдө", деди Трамп 25-октябрда Fox Business телеканалына берген маегинде.

Ал Вашингтон-Москва мамилеси оңолсо Түндүк Корея маселесин чечүү жеңилирээк болмогун кошумчалады. Кремл буга азырынча жооп бере элек.

Эки өлкө ымаласы 2014-жылдан бери кескин муздап, кансыз согуш учурундагыдай деп бааланып келет.

Акыркы жылы Пхеньян БУУ санкцияларына карабай өзөктүк дүрмөттөрү менен баллистикалык ракеталарын байма-бай сыноодо.

XS
SM
MD
LG