Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Кыргызстанда лотерея боюнча тендерди кореялык ишкана утту


Түштүк Кореянын Nanum Lotto компаниясы Кыргызстандын Мамлекеттик лотерея компаниясы өткөргөн тендерди утуп алды. Ага катышууга корейлерден тышкары, Сербиянын Elbet d.o.o., Кыргызстандын "Астра Клуб" компаниялары катышкан.

Мамлекеттик лотерея компаниясынын маалыматына ылайык, Nanum Lotto ишканасынын лотерея тармагында 10 жылдык тажрыйбасы бар жана Кореяда лотерея багытында улуттук оператор болуп саналат. Андан тышкары, эл аралык (WLA) жана азиялык (APLA) лотерея бирикмелеринин мүчөсү.

Маалыматка ылайык, аталган компания Кыргызстанда юридикалык жак катары каттоодон өтөт. Башкы кеңсесинде 50 кишиге жумуш орду түзүлөт. Өлкө аймагында 400 жерде лотерея саткан күркөлөрү болот. Пландагы бюджети салыктарды эсепке алганда биринчи жылга 359,4 миллион сомду түзөт.

Быйыл майда президент Алмазбек Атамбаев "Лотерея жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынып, Мамлекеттик лотерея компаниясы ачылмай болгон.

Мамлекеттик лотерея ишканасын куруу үчүн өкмөт тарабынан 70 млн сом керектелери айтылган. "Лотерея жөнүндөгү" мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш быйыл 30-мартта кабыл алган.

XS
SM
MD
LG