Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынат, ошол эле учурда "Мамлекеттик лотереялык ишкана" ишке кирет. Муну ишкерлер мамлекеттин ишкердикке тоскоолдугу катары баалашууда.
Лотереяга табылган акча...
"Лотерея жөнүндөгү" мыйзам долбоору буга чейин Жогорку Кеңеште эки окууда каралып, депутаттардын бир топ талаш-тартыш пикирин жараткан. Талкууга жем таштаган негизги суроо - лотерея кумар оюну деп саналып, жеке ишкерлерге аны менен алектенүүгө тыюу салынып жатса, анда эмне үчүн мамлекет лотерея оюндарын уюштурууга укуктуу, ал эми мамлекеттик лотерея эмне үчүн кумар оюну болуп саналбайт деген суроо болууда.
"Республика - Ата-Журт" фракциясынын парламенттеги депутаты Алтынай Өмүрбекова мыйзам долбоору кош стандарттуулукка алып келет деп белгилөөдө. Депутат эгерде тыюу керек болсо, мамлекет да кумар оюнунан баш тартышы керек деген пикирин "Азаттык" радиосуна бөлүштү:
- Лотерея да кумар. Анткени, жүз кишиге билет сатсам, мен билем, алардын ичинен бирөө гана утат, калганы жөн эле "утуп каламбы" деген үмүт менен акчасын берип жатат. Ошондуктан, мамлекет же таптакыр тыюу салсын же болбосо, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй кылып, лотереяны электрондук болобу, операторлор аркылуу болобу, бизнес катары эле калтырышы керек. Азыркыдай бюджетте акча тартыш мезгилде, мамлекеттик лотереяны жөн эле коелук. Мамлекеттик ишкана ачып, ага жумушчуларды иштетип, айлык төлөп жана башка чыгым болуп отуруп, андан бюджетке деле киреше түшпөйт.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча, мамлекеттик лотерея Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан уюштурулат. Аталган кызматтын төрагасы Санжар Муканбетовдун депутаттарга маалымдаганы боюнча, мамлекеттик лотереядан түшкөн акча спорт, маданият жана башка тармактарды өнүктүрүүгө жумшалмакчы:
- Азырынча так айтуу кыйын, бирок биз келечекте мамлекеттик лотереядан жыл сайын мамказынага 35 млн сом түшөт деп болжолдоп жатабыз. Мамлекеттик лотереялык ишкана куруу менен биз кошумча жумуш орундарын да түзө алабыз.
Муканбетовдун айтуусунда, Мамлекеттик лотереялык ишкана куруу үчүн өкмөт тарабынан 70 млн сом керектелет. Азырынча бул каражат мамлекеттик бюджетте каралган эмес. Демилгечилер мынча сумманы тапса болорун бекемдешүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова өкмөт үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам долбоорун ишке киргизүүгө 25 млн сомду бере албай, ошондой эле айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүгө каражат жоктугун айтып отуруп, лотерея оюнун уюштурууга акча тапканына нааразылыгын билдирүүдө.
Бөдөнөнү сойсо да...
Кыргызстанда лотерея ойнотуу менен алектенген 26 ишкана расмий катталган. Ишкерлер мыйзам иштей баштаса, бул компаниялар жабылып, анда иштеген жумушчулар ишсиз каларын, ал эми мамлекеттик бюджетке он миллиондогон салыктан куру каларын айтышууда.
Казино ордун лотерея басты
Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган. Бирок кумарпоздукка алдырган жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышат.
Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев мыйзам демилгечилери жеке менчик лотереяны кумар оюну деп чектеп, ал эми мамлекеттик лотереяны кайсы бир тармакты көтөрүүгө салым кошуучу каржылык булак дегенин түшүнүксүз деп эсептейт:
- Негизи эле бизнести ишкерлер кылышы керек. Ал эми мамлекет татыктуу мыйзамдарды, токтомдорду чыгарып, шарттарды түзүп бериши зарыл. Жумушчу орундар деле түзүлөт, салыктар ошондой эле төлөнө берет. Мамлекеттик ишкана болсо эле салыктар жакшы төлөнөт деген ишенич жок. Орусча айтканда, мамлекет "жаман кожоюн". Бизнесмендер болсо ар бир тыйынды эсептейт. Аларга болгону мыйзамдарды күчтөнтүп, момундай тартипте, момундай деңгээлде иштейсиң" деп койсо туура болмок.
Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган. Бирок кумарпоздукка берилген жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышат. Алар казинолорго тыюу салынганы менен кумарпоздор лотерея ойноого өтүп, бир топ акчасын уттурушканын айтышат. Жакын тууганы мына ушундай лотереядан ири суммадагы акчасын,унаасын уттуруп, үйүн алдырганын белгилеген маектешибиз лотерея оюндарына да таптакыр тыюу салуу зарылдыгын белгилөөдө:
- Менин жээним жарым же бир саатта эле 13-14 миң долларын уттурат. Мен буга аны издеп барган жеримден өзүм күбө болгом. Ал мындай акчанын канчасын уттурду. Бир жолу унаасын уттурду. Эгер кумар оюндарын биротоло жаппаса, анда мындан жабыркагандар азайбайт.
Тыюу көмүскө иштерди күчөтөт
Ошол эле учурда лотерея оюнун да казино, букмекер сыяктуу биротоло тыюу салып, жаап салуу аракети мамлекеттик бюджетке салык төгүп жаткан ишканаларды көмүскөгө кетүүгө түртөт, коррупцияны күчөтөт деген пикирлер да жок эмес. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев буга казино, букмекер сыяктуу кумар оюндарынын абалын мисалга келтирди:
- Казинолор жабылды, андан кийин букмекерлер жабылды. Бирок алар бүгүнкү күнү көмүскө иштеп атпайбы. Көмүскөгө кеткен тармактагы каражаттар кайда кетет? Алар уюшкан кылмыш чөйрөсүнүн жана укук коргоо органдарындагы айрым мыйзам менен иштебеген кызматкерлердин "жем жеген торбосуна" айланып, ошолорго кетип жатат. Укук коргоо органдары ошол көмүскө иштеп жаткандарды неге катуу текшербейт, неге бекем көзөмөлгө алынбайт? Экинчиден, бизде жабылган кайсы бир ишкерлик тармак үчүн коңшулардын бюджети пайда көрүп жатат. Биз алардын тегирменине суу куюп берип жатабыз.
Расмий маалыматтар боюнча, 2013-жылы көмүскөдө иштеп жаткан отуз казино, кийинки жылы 12 кумаркана кармалган. Алардын дээрлик бардыгынын иши иликтөө баскычында токтотулуп, сотко жеткен эмес.