Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:13

Жол эрежесин бузгандардын жазасын жогорулатуу сунушталууда


Адистер Кыргызстанда жол кырсыктардын 70 пайызы ылдамдыкты сактабагандан болорун айтышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, жол эрежесин бузган айдоочуларга айыпты жана жазаны күчөтүү демилгесин көтөрдү. Мыйзамда адам өлүмү менен коштолгон жол-кырсыктарында тараптардын жарашууга келүү учурларын жоюу каралып жатат. Бул үчүн мыйзамда адам өлүмү менен коштолгон кырсыкты оор кылмыш иши катары кароо сунушталды:

- Азыр кандайдыр бир жол кырсыгы болуп калса, күнөөлүү адам кичинекей айыпты төлөп, кутулуп кетет. Эгерде жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолсо, айдоочу туугандары менен сүйлөшүп жазадан кутулуп жатат. Ошондуктан адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталса, оор кылмыш катары кабыл алуу сунушун киргизип жатабыз. Ошондо айдоочу туугандары менен сүйлөшө албай калат, акча менен жоопкерчиликтен да кача албай калат.

Талкууда бир катар депутаттар айып пулдарды өтө жогорулатуу менен маселе чечилбестигин, алгач айдоочуларга да тиешелүү шарттарды түзүп, анан айыпты күчөтүү керектигин айтышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси экинчи окууда депутаттардын сунуштарын эске алууга убада берип, биринчи окууда долбоор добуш берүүгө жиберилди.

ИИМ акыркы он айда жол кырсыгы 603 адамдын өмүрүн алып кеткенин билдирген. Адистер Кыргызстанда жол кырсыктардын 70 пайызы ылдамдыкты сактабагандан болорун айтышууда.(SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG