Бишкекте оор атлетика боюнча улан-кыздар ортосунда турнир башталды. 26-октябрда старт алган турнир "Манас" орденинин ээси жана Эмгек сиңирген спортчу Митал Шариповдун элесине арналат.
Спорттун аталган түрү боюнча федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, турнир Оор атлетика боюнча спорт мектебинде өтүүдө. Ага өлкө аймагынан 20 жашка чейинки 130 оор атлетчи катышып жатат.
Таймашта 14 топтом медаль ойнотулат. Анын сегизи жигиттерге, алтоо кыздарга берилет.
Турнир 27-октябрда аяктайт.
Митал Шарипов 2000-жылы Азия чемпиону жана бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.