Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Мирзиёев: Түркия менен виза режимин жоё турган күн келет


Мирзиёев менен Эрдоган
Мирзиёев менен Эрдоган

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркия жарандары үчүн виза алуу жараянынын жеңилдетилиши — эки өлкөнүн жакындашуусуна жасалган алгачкы гана кадам экенин билдирди. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.

- Биздин бир тууган элдин ортосунда виза болбогон күн да келет. Биз сөзсүз буга аракет кылабыз. 20 жыл ичинде бири-бирибизди кандай сагынганыбыз көзүбүздөн көрүнүп турат. Азыр биз бири-бирибизди жарым сөз же көз караштан гана түшүнүп жатабыз, – деди Мирзиёев.

Ал ошондой эле быйылкы жылдын тогуз айында эки өлкөнүн соодасы 30% өскөнүн, бирок бул да өтө аз экенин белгиледи.

- Жогорку чектерди белгилешибиз керек. Кеп 2-3 миллиард доллар жөнүндө эмес, 5-6 миллиард доллар жөнүндө болушу керек, - деди Мирзиёев.

Андан тышкары 16-марттан тарта Стамбул-Самарканд аба каттамы ачылмай болду.

Шавкат Мирзиёев Стамбулдагы бизнес-форумда 3,5 млрд долларлык 35 документке кол коюу пландалып жатканын билдирди. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстанды бардык тараптан стратегиялык өнөктөш деп, Мирзиёевдин сапарын тарыхый окуя деп атады.

Эки өлкө арасы 1999-жылдан тарта сууп, Өзбекстанда президенти алмашканга чейин оңолбой келген.

XS
SM
MD
LG