Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:37

“Ачык диалог” казакстандык блогерди бошотууга чакырды


Жанар Ахмет.

Польшада жайгашкан “Ачык диалог” бейөкмөт уюму Украина бийлигин казакстандык блогер Жанар Ахметти бошотууга чакырды. Аталган уюмдун маалыматында Жанар Ахмет Киевдин башпаанек берүүдөн баш тартуу тууралуу чечиминин үстүнөн даттанары айтылат.

- Ахметтин ишинде саясий боёктун белгилери бар. Качкындардын макамы тууралуу конвенция менен Европа конвенциясы саясий жактан айыпталган кишилерди экстрадициялоого тыюу салат, - деп жазылган анда.

“Ачык диалог” Европарламент, БУУ жана демократиялык мамлекеттерди украин бийлигине басым жасоого чакырды.

Быйыл жазында Казакстандан качып чыгып, Украинадан саясий баш паанек сураган Жанар Ахмет 21-октябрда Киевдин четинде кармалган. Сот аны 18 күнгө камоо чечимин чыгарган. Ахмет ачкачылык жарыялаган.

Жанар Ахмет Казакстанда 2005-2008-жылдар аралыгында алдамчылык кылган деген айып менен соттолгон. 2010-жылы августта сот блогердин жаза мөөнөтүн уулу 14 жашка чыкканча 2021-жылга чейин жылдырган. Жыл башында Ахмет баласы менен өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага эл аралык издөө жарыяланган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG