Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:12

Атамбаев: ЕАЭБге ишенип болбой калды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Өкмөт Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны башка өлкөлөргө алып чыгуунун жолдорун издеп, сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өкмөтүнө ушундай тапшырма бере турганын бүгүн Ак үйдө чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга токтолуп мамлекет башчы Кыргызстан ЕАЭБге киргенде андан көптү үмүт кылып алганын, эми бул уюмга ишенип болбой калганын айтты. Келечекте Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берерин, бирок ЕАЭБ бир кишиден көз каранды уюм болбошу керектигин кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев кыргызстандык дыйкан-фермерлердин чек арадан Казакстанга өтө албай турган азыктарына байланыштуу тез арада Өзбекстан жана Кытай менен сүйлөшүүлөрдү баштоо керектигин кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG