Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Ысык-Көлдө 71 адам "Хизб ут-Тахрирге" мүчө деп каттоодо турат


"Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө адамдын үйүнөн чыккан китепчелер.
"Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө адамдын үйүнөн чыккан китепчелер.

Ысык-Көл облусунда "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө деп 71 адам каттоодо турат. Алардын 16сы активдүү мүчө катары өзгөчө көзөмөлдө экенин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы күч органдарынан алынган маалыматтарга таянуу менен билдирди. Каттоодогулардын 28и Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси - Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутуу боюнча соттолгон.

Облус боюнча Каракол шаарында 13, Балыкчы шаарында эки адам, Ак-Суу районунда алты, Түп районунда 26, Ысык-Көл районунда беш, Тоң районунда үч, Жети-Өгүз районунда 16 адам каттоодо.

"Хиз ут-Тахрир" Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын катарында. Өлкө аймагында анын канча мүчөсү бары тууралуу так маалымат жок. Ош менен Жалал-Абад облустарында миңге чамалуу экенин буга чейин күч органдары кабарлашкан. Алардын айрымдары уюмдун катарынан өз эрки менен чыкканын жарыялашкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG