Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Экс-депутат Райкан Төлөгөнов 15 жылга эркинен ажыратылды


Райкан Төлөгөнов
Райкан Төлөгөнов

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынан экс-депутаты Райкан Төлөгөновду үй-мүлкүн мамлекетте чегерүү менен 15 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды. Бул тууралуу Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнов "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Сот саат сегизге чейин уланды. Чечимди окуп жатканда жактоочунун жумушу чыгып кетип калган. Жалпы 15 жыл деди, анан жаш курагына, кылмыш иштин мөөнөтүнө жараша дагы 3-4 мунапыс берилгенин айтты. СИЗОдо отурган күндөрүн дагы эсептеди. Ошондо канча жыл бергенин айта албайм. Жактоочу чечимди алгандан кийин так айтабыз.

Иса Төлөгөнов прокурор 15 жыл эркинен ажыратууну соттон суранганын жана атасы күнөөсүн моюнуна албаганын айтты.

65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийинчерээк ден соолугу начарлап, №1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.

Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.

Уулу Муса Төлөгөнов да ушундай эле айып менен №47 жатак абакта отурат. Буга мародёрчулук боюнча соттолуп, абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөсү себеп болгон. Төлөгөновдор коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атап келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG