Венгрия “Украина-НАТО”комиссиясын чакырууга вето койду. Комиссиянын жыйынын декабрга өткөрүү пландалып жаткан эле. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртонун айтымында, Түндүк Атлантика союзу жыйын чакыруу үчүн бардык мүчөлөрдүн макулдугун алышы керек.
Венгрия бийлиги Украинанын Евробиримдик менен интеграция аракетин Киев кабыл алган билим берүү боюнча мыйзамдан улам колдобой келет.
Сентябрда кабыл алынган мыйзамга ылайык, Украинадагы бардык мектептер украин тилине артыкчылык берүү менен билим бериши керек. Будапешт бул мыйзам Закарпатьедеги мажар азчылыгынын укугуна шек келтирет деп эсептейт.
Бирок 19-октябрда расмий Киев Будапешт менен улуттук азчылыктарды өз тилинде окутуу боюнча маселеде бир пикир тапканын жарыялаган болчу.