Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

“Клооптун” макаласы боюнча иликтөө жүргүзүү талабы айтылды


15-октябрь, 2017-жыл
15-октябрь, 2017-жыл

“Таза шайлоо үчүн” жарандык кыймылы “Клооп.кг” порталы жазган макаладагы айтылган маалыматтарды текшерип, териштирүү үчүн эл аралык аудит жургүзүүнү талап кылат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, макалада айтылгандарды текшерүү үчүн көз карандысыз иликтөө зарыл:

- Биздин азыркы шайлоо технологиябыз, Каттоо кызматынын технологиялары аудиттен өткөн эмес. Аларды УКМК өткөрүп жатат, ал эми биздин УКМК кимге кызмат кыларын, кандай иштерин биз жакшы билебиз. Эл аралык уюмдарга дагы кайрылып жатабыз. Өкмөт дагы кайрылышы керек. Азыр шайлоонун жыйынтыгы боюнча технологиялык нерселердин бардыгын Европа, Американын абройлуу уюмдары аркылуу аудиттен өткөрүшүбүз керек, - деди Жээнбеков.

Kloop.kg сайты 26-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз samara.kg сайтына көчүрүлүп, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы жазылган. Аталган сайт үгүт кампаниясы учурунда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш берчүлөрдү белгилеп турганы айтылат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы мындай маалыматты четке кагып, мекеменин сайтынын коргоо системасы күчтүү экенин билдирген болчу.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан. Аны добуш бергендердин 54 пайыздан ашууну колдогон.(BkA)

XS
SM
MD
LG