Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Экс-депутат Төлөгөновдун адвокаты шаардык сотко кайрылат


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөновдун адвокаты апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Төлөгөновдун уулу Иса Төлөгөнов кабарлады. Анын айтымында, учурда арыз даярдалууда.

65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган.

Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.

Уулу Муса Төлөгөнов да ушундай эле айып менен №47 жатак абакта отурат. Буга мародёрчулук боюнча соттолуп, абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын көрсөтмөсү себеп болгон. Төлөгөновдор коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атап келишет.

Райкан Төлөгөнов 2010-2015-жылдары “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG