Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:29

Бишкекте бычакталып каза болгон Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Уларбек Майрамбековдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу борбордун милиция башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

25 жаштагы ага лейтенант Майрамбеков Криминалдык милиция кызматында эмгектенген. Ал 26-октябрда белгисиз жагдайда көчөдө бычакталып каза болгон.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган.

Ал ортодо айрым маалымат каражаттары милиционердин өлүмү боюнча террордук уюм жоопкерчилик алганын жазып чыккан.

Шаардык милиция бул версия дагы караларын, азырынча аталган маалыматты туура деп айтууга болбосун билдиришти.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG