28-октябрда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана юстиция министри Уран Ахметов Республикалык кан борборунда акысыз донор болушту.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Кан тапшырууну министрлер донорлукту калк арасында пропагандалоо максатында ишке ашырды. Юстиция министрлигинин бир нече кызматкери да кан тапшырды.
Кыргызстанда 2016-жылы 39 миң 426 киши кан тапшырган. Алардын ичинен 4573 киши акысыз, өз ыктыяры менен донор болгондор. Кандын запасын негизинен жол кырсыгы же операция учурунда кыйналган бейтаптардын жакындары тапшырып, толукталып турат. (BCh)