Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Каталонияга Испаниянын вице-премьери жетекчи болду

Каталония
Каталония

Испаниянын өкмөтү Каталонияны автономиядан ажыратып, жаңы жетекчиси кылып Сорайя Сеанс де Сантамарияны дайындады. Ал буга чейин испан өкмөтүндө вице-премьер катары эмгектенип келген.

Каталониянын парламенти 27-октябрда Испаниянын карамагынан чыгуу жана көз карандысыздык декларациясын кабыл алган.

Мындан соң Испаниянын борбордук бийлиги дароо парламентти жана  Карлес Пучдемон башкарган өкмөттү таратып, аймакка түз башкаруу киргизилгенин жарыялаган. 

1-октябрда өткөрүлгөн талаштуу референдумда добуш бергендердин басымдуу бөлүгү көз карандысыздыкты колдогон. Бирок Мадрид аны мыйзамсыз деп атаган.  

Бир да өлкө автономиянын эгемендик мүдөөсүнө колдоо көргөзгөн эмес.

XS
SM
MD
LG