Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:38

Султанов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды


Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп Кылычбек Султанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Буга чейин Султановдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети жактырган эле.

Кылычбек Султанов 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. Ал бийликтин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыгып, кызматтан бошотуу өтүнүчү менен президенттин атына арыз жазганын айткан.

Кийинчерээк Фейсбукка билдирүү жазып, мамлекет башчыдан кечирим сураган.

Ал президенттин каалоосу менен Малайзияда эки жылдай элчи болгонун, ал жакта иштеп жүрүп мекенине пайда келтире алганына ыраазы экенин белгилеген.

Султанов өлкөдөгү кыргыз тилиндеги көп нускалуу “Супер Инфо” гезитинин кожоюну.(BkA)

XS
SM
MD
LG