Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Күрт лидери Масуд Барзани бийликтеги мөөнөтүн узартпайт


Масуд Барзани.
Масуд Барзани.

Ирактагы күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани президенттик мөөнөтүн узартпайт. Ал ишембиде аймактык парламентке өз ыйгарым укуктарын өкмөт жана парламент ортосунда бөлүштүрүүнү тапшырды. Бул документ бүгүн каралары күтүлүүдө.

Аймакта 1-ноябрда шайлоо өтөт.

Өткөн аптада күрттөрдүн оппозициячыл партиясы Барзанини отставкага кетүүгө чакырган. Активисттер аны Киркук провинциясында жайгашкан мунайга бай аймактардагы көзөмөлдү Ирак армиясына алдырып жибергени үчүн айыпташкан.

Ирак армиясы Киркук аймагын өз көзөмөлүнө алып, андагы күрт күчтөрүнүн таасирин азайтууда. Бул Багдад өкмөтүнүн Күрт автономиясынын бийлигинин 25-сентябрдагы көз карандысыз референдумуна каршы жообу катары бааланууда. Аталган референдумга катышкандардын 93 пайызы көз карандысыздык колдоп добуш берген. Бирок расмий Багдад бул добуш берүүнү мыйзамсыз деп атап, жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG